Түрк аба жолдорунан чоң мүмкүнчүлүк

Түрк аба жолдору менен чет өлкөгө арзан учуу

705670
Түрк аба жолдорунан чоң мүмкүнчүлүк

Түрк аба жолдору трансфердик борбор Стамбул менен Европада Италия, Испания, Франция, Мальта, Португалия жана Грециядагы 25 жердин ортосунда арзан бааларда саякат кылуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоодо.

Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчилигинин билдирүүсүнө караганда, чектелүү сандагы орундукту камтыган арзандатуулардан пайдалангысы келген жүргүнчүлөр учак билеттерин 3-13-апрель күндөрүнүн аралыгында сатып алган учурда, ушул билеттер менен 1-майдан 20-июнга чейинки каттамдарда бардык салыктар менен бирге барып-келүүнүн акысы 129 доллардан башталган баада уча алышат.

Түрк аба жолдорунун расмий интернет баракчасындагы бул баалар билет сатуу кеңселеринде өзгөрүшү мүмкүн.

Жүргүнчүлөр www.turkishairlines.com адресинен же 4440849 номерине чалып, же болбосо сатуу кеңселеринен кеңири маалымат ала алышат.



Тектеш кабарлар