Антальяга келген туристтердин саны өстү
Март айында аба транспорту менен чет өлкөдөн Антальяга 165 миң 741 киши келди
Антальяга март айында аба транспорту менен келген орусиялык туристтердин саны 816 пайыз өстү.
Март айында аба транспорту менен чет өлкөдөн Антальяга 165 миң 741 адам келди.
Келген жүргүнчүлөрдүн улуттарына караганда эң көп жүргүнчү 45 миң 992 адам менен Германиядан келди. Ал эми Ирандан 29 миң 782 киши, Орусиядан 24 миң 134, Англиядан 8 миң 540, Израилден 4 миң 571, Даниядан 4 миң 547, Нидерландиядан 4 миң 223, Норвегиядан 3 миң 215, Бельгиядан 2 миң 879 жана Украинадан 1 миң 717 киши келди.
Март айында Орусиядан Антальяга келген жүргүнчүлөрдүн саны 2016-жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 816 пайыз өстү.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.