Түркияда желим баштыктарга тыюу салынат

Тыюу салуу алгач чоң шаарларда башталат

701769
Түркияда желим баштыктарга тыюу салынат

Желим баштыктардын азык-түлүк дүкөндөрүндө жана соода борборлорунда колдонулушуна келээрки жылдан тарта тыюу салынат.

Экология жана шаар пландоо министрлигинин демилгеси менен 2018-жылдын 1-январынан тарта дүкөндөр тор баштык, кагаз же чүпүрөк баштык сыяктуу альтернативаларга багытталат.

Тыюу салуу туурасында жарандарга жана жергиликтүү ишканаларга маалымат берүүгө даярданган министрлик, бул боюнча айрым сабактар окутулуп кардарларды тыюу салууга ылайыктуу мамиле кылууга чакырат.

Кардарларга таштандыда чирибеген желим баштыктардын зыяндары туурасында маалымат берүүнү пландаган министрликтин тыюу салуусу алгач чоң шаарларда башталат.



Тектеш кабарлар