Түркиянын жергиликтүү базалык станциясы-УЛАК
Долбоору толугу менен жергиликтүү болгон УЛАК менен Түркия, базалык станция өндүргөн 5 өлкөдөн бирине айланат.
![Түркиянын жергиликтүү базалык станциясы-УЛАК](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0ff9/b9a5/bc64/58da0b04afc23.jpg?time=1719062017)
Түркиянын жергиликтүү базалык станциясы УЛАК аркылуу алгачкы видеолуу сүйлөшүү ийгиликтүү аткарылды.
Долбоору толугу менен жергиликтүү болгон УЛАК менен Түркия, базалык станция өндүргөн 5 өлкөдөн бирине айланат.
Байланыш системасын дагы коопсуз абалга айландыра турган УЛАК, технологияны алган жана колдонгон эмес, долбоорлогон, өндүргөн жана саткан өлкөгө айлануусунда маанилүү кадам болот.
Испаниянын Барселона шаарында өткөн Дүйнөлүк мобиль конгрессинде операторлор менен УЛАК буюртма келишимине кол койду. УЛАК аркылуу алгачкы «Ало!» Түрксел тарабынан Стамбул-Эрзинжан арасында түз эфир желесинде колдонулду.
Коргоо өнөр жайы кеңешилигинин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Транспорт, байланыш жана деңиз иштери министрлигинин колдоосу, SSM координациясы, ASELSAN башкы милдеттенүүчүлүгү, Неташ жана Аргеланын салымдары менен түрк инженерлер тарабынан өнүктүрүлгөн жергиликтүү УЛАК базалык станциясы Түркиянын эң элет жерине дагы 4,5G кызматын камсыздайт.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1719062017)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1719062017)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.