«Түрк агымы» газ кууру долбоору

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-11

697926
«Түрк агымы» газ кууру долбоору

«Түрк агымы» газ кууру долбоору

Түркиянын бекитүүсүнөн кийин өткөн айда Орусиянын президенти Владимир Путин да «Түрк агымы» газ кууру долбооруна байланыштуу түрк-орус келишимине кол койду. Биз да бул жумадагы программабызда «Түрк агымы» долбоорун жана аймакка таасирин талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Орусиянын президенти Владимир Путин «Түрк агымы» газ кууру долбооруна байланыштуу келишимди бекитти. Бул келишим Түркия Улуу Улуттук жыйынында 2016-жылдын 2-декабарында кабыл алынган. Ал эми Орусия парламентинин төмөнкү палатасы Думада 20-январда, Орусия Федерация кеңешинде болсо 1-февралда кабыл алынды. «Түрк агымы» газ кууру долбоорунда өкмөттөр аралык келишимге болсо Түркия менен Орусиянын ортосунда 2016-жылдын 10-октябрында кол коюлган.

Бул долбоор деңиз аркылуу Орусиянын жерлериндеги Анападан башталып Түркиянын Тракия аймагындагы Кыйыкөйдө аяктайт. «Түрк агымы» аркылуу Түркия дагы да арзан баада газ сатып алмакчы. Анткени жаратылыш газы бул долбоор менен транзит өлкөлөр аркылуу эмес түз Түркияга келет. Түркия учурда Украина, Молдова, Румыния, Болгария багыты аркылуу жылына 14 миллиард куб метр газ сатып алууда. Ушул долбоор менен эми Орусиядан газды Карадеңиз аркылуу келген түз түтүк жолдон сатып алат. Бул абал, өткөрүү акысын төлөй турган Түркиянын дагы да арзан баада газ сатып алуусун камсыздайт. Ошондой эле алдыбыздагы мезгилде Орусия-Украина же Орусия-Румыния/Болгариянын ортосунда боло турчу кризистерден да Түркия таасирленбейт. «Түрк агымы» аркылуу жылына болжол менен 63 миллиард куб метр газ ташылат. Түркиянын бул долбоордон жылдык 14 миллиард куб метр газ алуусу жана калган 49 миллиард куб метр газдын Түркия аркылуу Греция багытынан Европага жеткирилиши пландалууда.

Учурда Батыштын кош стандарттуу саясаттары Түркия менен Орусияны бири-бирлери менен кызматташууга түртүп жатат. Ошундан улам эл аралык жана аймактык конъюнктура «Түрк агымы» долбоору үчүн ылайыктуу саясий чөйрө жаратууда. «Түрк агымы» долбоору Түркиянын газга болгон талабын камсыздайт бирок долбоордун энергетикага болгон талапты көп түрдүү кылууга салымы чектелүү. Түркиянын энергетикада импортко көз карандылыгы 72 пайыз деңгээлинде. Ал эми газ тармагында Орусияга көз карандылыгы болсо менчик сектор менен катар 42 пайыз, менчик сектордон тышкары 29 пайыз деңгээлинде.

«Түрк агымы» долбоору Түркиянын дүйнөлүк энергетика коопсуздугунда роль алгысы келген Hub/энергетикалык борбор жана транзит өлкө болуу максаттарын орундатуусуна да жардамчы болот. «Түрк агымы» долбоору менен Түркия Орусиядан кошумча газ сатып албайт. Жалгыз гана алган газдын багытын алмаштырууда. «Түрк агымы» аркылуу Европага жете турган газдын Түркиянын жерлеринен өтө турган болушу Түркиянын энергетикалык борбор болууга карата стратегиясына салым кошмокчу. Орус газынын Түркия аркылуу Европага «Түрк агымы» деген аталышта жеткириле турган болушу Түркия-Орусия алакаларын да бекемдейт. Муну менен катар Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарында да энергетика боюнча жаңы мезгилдин башталышын күтсөк болот.

«Түрк агымы» долбоору Орусиянын Түркияга болгон ишениминин бир жыйынтыгы. «Түрк агымы» энергетика өткөрүүдө жаңы багыт пайда кылуусу жана эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарга оң таасир тийгизиши жагынан маанилүү. Айрыкча Түркиянын алгачкы атомдук станциясы боло турган Аккую станциясынын Орусияга караштуу компания тарабынан салына турган болушу да өз ара мамилелерге жаңы дем берет.

Акыркы мезгилдерде дүйнөлүк масштабда маанилүү энергетика долбоорлорунда орун алган Түркия Hub/энергетикалык борбор болуу темасында «Түрк агымы» долбоору менен бирге чоң баскычка жетүүдө. «Түрк агымы»,ТАНАП (Транс Анадолу газ кууру долбоору) жана ТАП (Транс-Адриатика түтүк жолу) долбоорлору менен Түркия энергетика бөлүштүрүү жагынан чечүүчү роль ойнойт. Ушундайча дүйнөлүк энергетика картасында стратегиялык абалга айланат. Энергетиканын дүйнөлүк саясаттагы жана глобалдык экономика рыногундагы маанисин билебиз. Түркиянын Hub/энергетикалык борбор болууга карата таштаган бул кадамдары, Түркиянын аймактык актердон дүйнөлүк актерго айлануу процессинде чечүүчү роль ойношу мүмкүн.

Дүйнөлүк актер болуу максатындагы Түркиянын энергетикалык база болуу аракетине жалгыз гана экономикалык ийгиликтери боюнча сереп сала албайбыз. Бул абал ошол эле учурда саясий жактан да Түркияны күчтөндүрөт. Албетте булардын бардыгы жетиштүү эмес. Аймакта географиялык абалы жана өлчөмү жагынан энергетикалык соода борбору/hub боло турчу эң альтернативдүү өлкө Түркия. Бирок Түркиянын энергетика борбору болуу максаты үчүн алгач өзүнүн талабынан дагы көп газга жана булактарды көп түрдүү кылууга муктаждык бар.

Түркия учурда орус газын «Көгүлтүр агым» жана «Транс Балкан» түтүк жолдорунан камсыздап жатат. «Түрк агымы менен Түркия булакты эмес багытын көп түрдүү кылууда. Түркия келечекте энергетика линияларынын багыты темасында дагы да активдүү саясатарды жүргүзүшү керек. Ушул алкакта жалгыз гана көпүрө абалында болбошу керек. Жыйынтыктай турган болсок «Түрк агымы» Түркиянын улуттук энергетика стратегиясын күчтөндүрүү жолундагы маанилүү кадамдардын бири болмокчу.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар