Стамбул биржасы сеанстарын баштады
Сектор индекстеринин арасында эң көп киреше алып келген 0,87 пайыз менен информатика, эң көп төмөндөгөн болсо 0,81 пайыз менен финансылык ижара, факторинг болду.
Стамбул биржасы жуманын алгачкы күнүн 0,25 пайызга төмөндөп 90,261 балл менен баштады.
Сеанстар ачылганда Стамбул биржасы 229,79 балга төмөндөсө, банкчылык индекси 0,32 пайызга, холдинг индекси болсо 0,23 пайызга төмөндөдү. Сектор индекстеринин арасында эң көп киреше алып келген 0,87 пайыз менен информатика, эң көп төмөндөгөн болсо 0,81 пайыз менен финансылык ижара, факторинг болду.
Жуманын акыркы иш күнүндө АКШнын Борбордук банкы (Fed) жана Түркия Республикасынын Борбордук банкынын (ТРББ) пайыз чечимдеринин уланган позитив таасири менен 90,843 баллга чейин жогорулаган Стамбул биржасы-100 индекси, күндү 0,25 пайызга өсүү менен 2015-жылдын январь айынан бери эң жогорку жумалык жабылыш деңгээли болгон 90,491 баллга жетти.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.