Орусиянын автогиганты Түркияда
Түркияда быйыл орто эсеп менен 500 унаа сатууну пландап жатат
Орус автомобиль гиганты Газель тобу кайрадан Түркия базарына кайтты.
Орусиянын эң ири унаа өндүрүүчүлөрүнөн GAZ тобунун башкы жетекчиси Вадим Сорокин, компания катары Түркиядагы иш-чараларын уланта баштагандарын билдирди.
Москвада өткөрүлгөн автомобиль жарманкесинде сөз сүйлөгөн Сорокин: «Түркияга Орусиядан кызматкерлерди да жөнөтө баштадык. Кыска мөөнөттүн ичинде толук өндүрүшкө өткөндөн кийин ал жердеги өндүрүш иштерибизди өнүктүргүбүз келет»,-деди.
Сорокин Түркияда быйыл орто эсеп менен 500 унаа сатууну күткөндөрүн белгиледи.
Орус GAZ тобу менен түрк Mersa автомобиль, 2012-жылы Газель маркасынын жеңил унааларынын Түркияда куралышы жана сатылуусу үчүн кызматташкан болчу.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.