Нидерландияга экономикалык санкция да киргизилет

Бүлент Түфенкчи Нидерландияга карай экономикалык санкциялардын да күн тартипке келе турганын айтты.

691419
Нидерландияга экономикалык санкция да киргизилет

Бажы жана соода министри Бүлент Түфенкчи Нидерландияга карай экономикалык санкциялардын да күн тартипке келе турганын айтты.

Бир жыйналышка катышуу үчүн Ванга барган Бүлент Түфенкчи, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Түфенкчи, Нидерландияга карай санкциялар тууралуу суроо боюнча, «Укуктук жана саясий санкциялардан сырткары алдыдагы мезгилде экономикалык санкциялар да күн тартипке кеилиши мүмкүн. Учурда жалгыз саясий жана укуктук санкцияларды ишке ашырып жатабыз»,-деп айтты.

Нидерландия башкаруучулугу ишемби күнү тышкы иштер министри Мевлүт Чавуоглунун учагына конуу уруксатын бербей койгон, үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Саян Каяны болсо Түркиянын Роттердамдагы Башкы консулдугуна киргизбей койгон.

Экономика министрлигинин көрсөткүчтөрүнө караганда 2016-жылы Нидерландия менен Түркиянын ортосундагы соода көлөмү 6 миллиард 604 миллион долларга жетти.

Түркия Нидерландияга 3 миллиард 589 миллион доллардык экспорт жасаса, бул өлкөдөн 3 миллиард доллардык товар импорттогон.

Түркияда 2711 Нидерландия капиталдуу фирма, Нидерландияда болсо 23 миң түрк ишкер ишин жүргүзүүдө. Түрк фирмаларынын 2015-жылдагы сатуусу 9 миллиард доллар болгон.



Тектеш кабарлар