Boeing Кытайда учак чыгарат

Boeing, 737 үлгүсүнүн алгачкы чет өлкөдөгү чогултуучу ишканасын Кытайда ачат.

690695
Boeing Кытайда учак чыгарат

Американын учак фирмасы Boeing, 737 үлгүсүнүн алгачкы чет өлкөдөгү чогултуучу ишканасын Кытайда ачат.

Синхуа агенттигинин маалыматына караганда Boeing  өлкөнүн чыгышындагы Жоушан шаарында The Commercial Aircraft Corp. of China (COMAC) аттуу кытайлык учак фирмасы менен биргелешип чогултуучу ишканасын ачат.

Boeing 737 үлгүсүнүн өндүрүү системасынын бир бөлүгү катары ишке киргизиле турган ишкана, чогултуу жана таркатуу болуп эки бөлүктөн турат.

Курулушу ушул айдын акырында баштала турган ишкананын алгачкы учагын алдыбыздагы жылда өндүрүү линиясынан чыгарышы күтүлүүдө.

Boeingдин ишканасынын жылдык 100 учак өндүрө тургандай түрдө долбоорлонгону жана ишкана Boeing учактарынын оңдоо, майлоо жана боёк иштерин да орундатат.



Тектеш кабарлар