Түркия менен Орусиянын ортосунда бир топ келишимге кол коюлат

Орусиянын энергетика министри Александр Новак, Түркия-Орусия жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйналышынын алдында «Анадолу» агенттигинин кабарчысына ма

688374
Түркия менен Орусиянын ортосунда бир топ келишимге кол коюлат

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусиянын борбор калаасы Москвага эртең жасай турган сапарында, бул өлкө менен көп сандаган келишимге кол коюлушу көздөлүүдө.

Орусиянын энергетика министри Александр Новак, президент Режеп Таййип Эрдогандын, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуша турган Түркия-Орусия жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйналышынын алдында «Анадолу» агенттигинин кабарчысына маалымат берди.

Министр Новак, Түркия-Орусия жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйналышы үчүн маанилүү санда келишимдер даярдалганын белгилеп, булардын жалгыз гана экономика жана соода тармагын эмес, ошол эле учурда техникалык жана маданий кызматташтыктарды да камтый турганын кошумчалады.

Жыйналышта эки өлкөнүн ортосунда 2017-2020-жылдарды камтыгыдай орто мөөнөттүү соода, экономика, илимий жана маданий кызматташтык программасына кол коюла турганын белгилеген Новак: «Жыйналышта кол коюла турган берки орчундуу келишим болсо Орусиянын инвестиция фонду менен Түркиянын мүлктөр жана инвестиция фондунун ортосунда биргелешкен инвестиция фондунун түзүлүүүсү тууралуу протокол болот»,-деди.

Новак айрыкча жыйналышта Түрк жана Орусиянын маданият жана туризм министрликтеринин ортосунда кол коюла турган келишим менен 2019-жылдын эки өлкөнүн ортосунда эки тараптуу маданият жана туризм жылы жарыя кылына турганын белгилеп: «Жыйналыштын аклагында кол коюла турган бир катар келишимдер дагы болот. Мисал үчүн экономика мекемелерибиздин ортосунда талаа жана өнөр жайда эки тараптуу соодадагы жоюла ала турган тоскоолдуктар боюнча иштер уланууда»,-деп айтты.

(Орусиядан башталып Кара деңиз аркылуу Түркияга ташылышы пландалган) "Түрк агымы" жаратылыш газ куур багыты долбоору белгиленген календарга жараша жүлүп баратканын айткан орус министр, алгачкы багыттын 2019-жылдын акырында процесске кире турганын белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар