Стамбул үчүн дагы бир ири долбоор

Стамбулда Мармарай жана Евразия тоннелинен кийин дагы бир кыял орундалууда.

682099
Стамбул үчүн дагы бир ири долбоор

Стамбулда Мармарай жана Евразия тоннелинен кийин дагы бир кыял орундалууда.

Стамбул кысыгынын астынан жөө өтүүнү камсыздай турган тоннелдин курулушу жакында башталат.

Бургулоо иштери аяктаган Үскүдар-Кабаташ тоннелинен жөө өтүү менен катар велосипед тепкен жарандар да өтө алышат.

Мармарай жана метро жолдору менен байланыша турган жана алдыбыздагы айда курулушу баштала турган тоннель 600 күндүн ичинде бүтөт.

Адамдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жаңы технологиялык системалар менен жабдылган тонеллде шамалдатуу жана коопсуздук да эске алынат.

Уюлдук телефон жана сенсорлор менен байкоо салынып, коопсуздук чаралары көрүлсө болот.

Тоннелдин дубалдары жана ички жабдыктары сүрөт галереясы, көргөзмө жана иш-чаралар үчүн колдонулат.

Ошондой эле орто эсеп менен 2 километр узундугундагы тоннелден эскалатор системасы менен ылдам өтүүгө болот.

Стамбулдун транспорттук системасына чоң салымын кошо турган долбоордун туристтик кирешесинин да болушу максатталууда.

Тоннелдин 2019-жылы ачылуусу күтүлүп жатат.



Тектеш кабарлар