ASELSANдын колундагы иштердин көлөмү 6,2 миллиард долларга жетти

ASELSAN, өткөн жылда заказ дептерине өлкө ичинен жана өлкө тышынан жаңы кошумчаларды кошту.

677232
ASELSANдын колундагы иштердин көлөмү 6,2 миллиард долларга жетти

Түркиянын коргоо өнөр жайынын лидер мекемелеринен ASELSANдын заказ тизмеси 44 пайызга өстү...

ASELSAN, өткөн жылда заказ дептерине өлкө ичинен жана өлкө тышынан жаңы кошумчаларды кошту. ASELSANдын колундагы иштердин экономикалык көлөмү 2016-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу 44 пайзыга артып 6,2 миллиард долларга жетти. Бул заказдар 2025-жылга чейин жайылган мезгилди камтыйт.

Акыркы жарыяланган көрсөткүчтөргө караганда 2015-жылы эң көп коргоо каржылоосун кылган 5 өлкө АКШ, Кытай, Сауд Арабия, Орусия жана Улуу Британия болду. Акыркы 5 жылда АКШнын коргоого бөлгөн каражаттары азайса Кытай, Орусия, Сауд Арабия жана аймак жагынан алганда Азия-Тынч океанда коргоого бөлүнгөн каражат көбөйдү.

Түркиянын жылдык коргоо каржылоосу курс таасиринин себебинен ошол эле мезгилде 17,1 миллиард доллардан 15,3 миллиард долларга түштү. Өлкө ичиндеги бул кичирейүүгө карабастан жылдар жагынан караганда фирмалардын алган жаңы долбоор саны көбөйдү.

Сектордун табияты боюнча коргоо долбоорлору жылдарга жайылган долбоорлордон турат. Айрыкча бир система долбоорунун башталышынан тапшырылышна чейин өткөн мөөнөт орто эсеп менен 4-5 жылды алат.



Тектеш кабарлар