Туризмчилер Сауд Арабстанда жолугушууларды өткөрүшөт

Туризмчилер Түркияны таанытуу үчүн Сауд Арабстанга барышты

672278
Туризмчилер Сауд Арабстанда жолугушууларды өткөрүшөт

Стамбул туризм саякат агенттиктери коомунун төрагасы Хасан Байрам президент Р. Т. Эрдоган тарабынан туризмге салым кошуу максатында башталган «Коңшуду алып кел» кампаниясына колдоо көрсөтүү үчүн Сауд Арабстанда жолугушууларды өткөрүшөрүн айтты.

Сауд Арабстан, Катар, Дубай сыяктуу Булуң жана араб өлкөлөрүндөгү тууган жана тааныштарына кампания тууралуу маалымат беришерин белгилеген Байрам Булуң жана араб өлкөлөрүнөн өткөн жылы 2 миллиондон ашуун туристти тосуп алышкандарын белгиледи.

Байрам президент Эрдогандын бул өлкөлөргө жасаган сапарынан кийин келген турист санынын да 20 пайызга арткандыгына көңүлдөрдү бурду.
Араб саякат агенттиктери жана туризмди өнүктүрүү коомунун төрагасы Ахмет Кырк болсо 3 күн Жиддадагы туризм жарманкесине катышышарын белгилеп, Булуң жана араб өлкөлөрүнөн 2017 -  жылы 5 миллион туристти күтүшкөндөрүн айтты. Бул өлкөлөрдөн келген туристтердин бир гана Стамбул эле эмес, Трабзон, Бурса, Сапанжа, Ялова жана Чанаккале сыяктуу кооз жартылышы жана суусу мол жерлерди тандашкандарын айткан Кырк бул аймактан Түркияга болгон кызыгуусунун күн өткөн сайын арткандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар