Туз Көлү жаратылыш газ топтоо комплекси ачылууда

Бардыгы 12 кудуктан турган жана 6 кудугу учурдан тартып процесске киргизилген комплекстин ачылышына энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак катышат.

669888
Туз Көлү жаратылыш газ топтоо комплекси ачылууда

1 миллиард метр кубдук Туз Көлү жараталыш газ топтоо комплекси президент Режеп Таййип Эрдоган менен премьер-министр Бинали Йылдырым катыша турган азем менен бүгүн ачылат.

Бардыгы 12 кудуктан турган жана 6 кудугу учурдан тартып процесске киргизилген комплекстин ачылышына энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак катышат.

Түркиянын Орусия жана Ирандан алган газ көлөмүнүн жана басымынын өзгөчө кыш айларында төмөндөшүнүн алдын алуу үчүн 2011-жылы Туз Көлүнүн астында орун алган туз блокторунун ичине жаратылыш газ топтоочу жайлар салынышына чечим чыгарылган.

Туз Көлү жаратылыш газды жер астына топтоо долбоорунун иштеши 2011-жылдын 15-июнунда Кытайлык Тианчен фирмасы менен кол коюлуп башталды. Дүйнөлүк банк, куур багыттары менен мунай зат ташуу акционердик коому (BOTAŞ) менен 2006-жылы 2-февралда кол коюлган 352 миң доллардык насыя жана 2014-жылы 2-октябрдагы 400 миң доллардык кошумча насыя келишими менен комплекстин финансыланышына салым кошту.

Долбоор, ушул жылдын ичинде 550 миллион метр кубдук топтоо көлөмү менен комплекстин жарымы процесске киргизилсе, экинчи баскыч да 2020-жылы бүтүрүлүп бардыгы 1 миллиард метр кубдук даяр газ көлөмүнө жетилет. Жалпысынан комплекстен күнүгө 40 миллион метр куб газ Түркиянын куур желесине берилип турат.

Комплекстин жер астындагы топтоочу жайларын ачыш үчүн колдонулган суу Хирфанлы суу сактагычынан камсыздалууда. Куур багыты менен кудуктарга келген суу, 1450 метр тереңдиктеги туз катмарын ээритүү иштеринде колдонулгандан кийин, туз катнашы Туз көлү менен бирдей деңгээлге жеткирилип көлгө ташталат. Ушундайча көлдө суу деңгээлинин жогорулашы менен экологиялык тең салмактуулуктун корголушуна жана жашаган фламинго, жапайы өрдөк, балчык карлыгачы сыяктуу балчыктан тамактанган куштардын келүү жана уя салууларына да оң салым кошот.

Түркиянын 40 пайыздык туз муктаждыгын камсыздаган Туз Көлү, Ички Анадолу аймагында Анкара, Конья жана Аксарай облустарынын арасында орун алган.



Тектеш кабарлар