Келечекте энергия багыттарынын көбү өтө турчу өлкө-Түркия

Американын Энергетика маалыматы департаментинин отчетуна караганда Орто Азия, Орусия жана Жакынкы Чыгыштын энергетика булактары Түркия аркылуу ташылат.

668060
Келечекте энергия багыттарынын көбү өтө турчу өлкө-Түркия

Түркиянын энергия багыты катары мааниси күн өткөн сайын артууда.

Американын Энергетика маалыматы департаментинин отчетуна караганда Орто Азия, Орусия жана Жакынкы Чыгыштын энергетика булактарынын Европа жана башка өлкөлөргө жетирилиши жагынан Түркиянын маанилүү транзит өткөөлү экени белгиленди.

Отчетто акыркы 10 жылда Түркия экономикасынын кеңейгени жана мунун болсо мунай зат менен башка суюк отундарды талаптоосун арттырганы маалымдалды.

Американын Энергетика маалыматы департаментинин отчету Стамбул жана Чанаккале кысыктарынын дүйнөнүн эң кыймылдуу кысыктарынын арасында орун алганы жана анын мааниси жогорулаганына көңүл бурду.

Кысыктардан 2015-жылы күнүгө 2 миллион баррель чийки мунай зат жана 500 миң беррль даяр мунай зат өткөнү маалымдалды.

Отчетто деңиз жолу менен катар Баку-Тбилиси-Жейхан жана Ирактын түндүгүнөн да куур багыттары аркылуу мунай зат ташылганы эске салынды.

Отчетко караганда жаратылыш газда да стратегиялык ролго ээ болгон Түркия, дүйнөнүн эң чоң жаратылыш газ талаптоочусунун экинчиси болгон кара материк Европасы менен Каспий деңизи жана Жакынкы Чыгыштын ортосунда көпүрө түзүүдө.

Отчетто Түркиянын Аккую, Синоп менен жери дагы тактала элек үчүнчү жерде атомдук станция сала турганы жана мунун болсо энергетика тармагында тышка көз карандылыгы болгон Түркияны жеңилдете турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар