Орустар Түркияда рубль менен соодалаша алат

Орустар Түркияда рубль менен төлөй алышат.

661791
Орустар Түркияда рубль менен соодалаша алат

Орусия жана Түркиянын эки тараптуу соодада жергиликтүү акча бирдиктери менен соода кылуунун үлүшүн арттыруу иш-чаралары уланган ушул мезгилде, Сбербанктын курамындагы Деңизбанктын башкы директору Хакан Атеш, эки өлкөдө тең жаңырык тапкан маалыматты берди.

Орусиянын борбор калаасы Москвада 28-январда алгач ирет өткөрүлгөн Дүйнөлүк туризм форумунун Орусия саммити-2017де сөз сүйлөгөн Хакан Атеш, орус туристтердин Түркияда рубль менен төлөшүнө мүмкүнчүлүк түзүлө турган системаны ишке ашыра тургандарын жарыялады.

10 өлкөдөн 25 баяндамачы жана 350 катышуучусу болгон жыйналышта бул маанилүү долбоор туурасында маалымат берген Атеш, алгачкы баскычта туризм жана талаа чарба тармагында аткарыла турган ишке ашыруу менен орустардын Түркиядагы ATMларда бардык төлөм жана банчылык операцияларын да рубль менен жүргүзө ала турганын белгилеп өттү.

Бул системанын алкагында айрыкча Орусияда учурда рубль менен Түркия турларынын сатылышы башталганын да баса белгилеген Атеш: «Орус туристтерге ар түрдүү тейлөөлөрдү камсыздап жатабыз. Айрым тур операторлору жана отелдер, рубль менен тейлөөгө даяр. Орус туристтер Түркияда жүргөндө өздөрүн үйлөрүндөгүдөй сезишет. Эне тилинде сүйлөй алышат жана жергиликтүү акча бирдиги менен соода кыла алышат»,-деп айтты.

ATMлардын бардык эс алуучу аймактарда жана туризм аймактарында орус тилинде да тейлегинин белгилеген Хакан Атеш: «Сбербанк дүйнөнүн эч ири банкатарынан бири жана Орусиянын эң чоң банкы болгону үчүн «ырахмат банкчылыгы» (Спасибо банкинг) системасынын алкагында бардык карточкалары бизде үстөк пайызсыз иштейт. ATMларга рубль салып, рубль ала алышат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар