Түркияга олчойгон инвестиция салынат

Түркияны 2 триллион доллар фонд чоңдугундагы National Standard Finance эл аралык инвестиция фирмасы мелжеп турган кези...

651077
Түркияга олчойгон инвестиция салынат

Дүйнөлүк дөө-шаалардан делген фирма Түркияга 20 миллиард доллардык инвестиция салууга даярданууда.

Түркияны 2 триллион доллар фонд чоңдугундагы National Standard Finance эл аралык инвестиция фирмасы мелжеп турган кези...

70тен ашуун өлкөдө ишин жүргүзгөн көп улуттуу инвестиция фирмасы National Standard Finance алдыдагы төрт жылда Түркияга 20 миллиард доллар инвестиция салууга даярданууда.

Түркия, курула турган жаңы фонд аркылуу чет өлкөлүк инвесторлорду тартат. Алгачкы баскычта Сауд Арабия жана Түндүк Америка булактуу мекеме капиталдары каражаттарын өткөрө турган Түрк-Булуң фонду, Түркияда ар түрдүү долбоорлор менен финансыланат.

Фонд айрыкча эки жактуу соода карым-катнаштарын да колдоого алат.

Түрк-Булуң фонду алдыбыздагы бир канча жылда Түркияга олуттуу капитал киргизет. Финансылык кызматтар, инфраструктура, энергетика, турак жай, талаа чарбасы сыяктуу секторлорго инвестиция салууну пландап жатат.

National Standard Finance башкаруу кеңешинин төрагасы Рассел Дук, Түркияга инвестиция салууга эмне үчүн эми чечим чыгаргандары туурасында, «Түркиядагы мүмкүнчүлүктөрдү билебиз жана бул жерде дагы активдүү болуу чечимин чыгардык. Түрк лирасынын ырааттуулукка жетиши жана баасы жогорулоосун күтүүдөбүз. Бул Түркиядагы инвестицияларыбызга оң таасир берет. Айрыкча Трамп башкаруучулугу жана Эрдогандын жетекчилигинде АКШ-Түркия карым-катнаштарынын дагы да өнүгүшүн күтүүдөбүз. Түркиянын узун мөөнөттүү саясий жана экономикалык ырааттуулугу аймак үчүн, аймактын ырааттуулугу да дүйнөлүк экономика үчүн абдан маанилүү. Биз буга түздөн-түз чет өлкөлүк инвестиция жана мекемелик фонд менен салым кошууну каалайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар