Cтамбул биржасы жаңы жылда сеанстарын баштады

Эркин базарда бир Америка доллары 3 лира 52 куруштан, евро болсо 3 лира 72 куруштан сатылууда.

641959
Cтамбул биржасы жаңы жылда сеанстарын баштады

Стамбул биржасы жуманын алгачкы иш күнүн 78 миң 138 балл менен баштады.

Стамбул биржасы 2016-жылдын акыркы иш күнүн 302 баллга жогорулап 78 миң 138 балл менен жапты.

Акциялардын баасы бир күндө орто эсеп менен 0,39 пайызга жогорулады.

Эркин базарда бир Америка доллары 3 лира 52 куруштан, евро болсо 3 лира 72 куруштан сатылууда.

Облигация жана вексель базарларында көрсөткүч облигациянын бириккен пайызы болсо 10,72 пайыз деңгээлинде. Эл аралык базарларда алтындын унций баасы 1158 доллар, ал эми Капалычаршыда "Жумурият" алтыны 877 лирадан сатылууда.


Этикеткалар: #Стамбул биржасы

Тектеш кабарлар