«Түрк агымы» жаратылыш газ түтүк жолу келишимин бекитүүгө карай
«Түрк агымы» жаратылыш газ түтүк жолу долбоору боюнча өкмөттөр аралык келишимге Түркия жана Орусиянын ортосунда 10-октябрда кол коюлган.
Орус өкмөтүнүн «Түрк агымы» жаратылыш газ түтүк жолу келишиминин бекитилиши тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алганы маалымдалды.
Орусия өкмөтүнүн жазуу түрүндөгү жарыясында «Түрк агымы» келишиминин бекитилишине карай мыйзам долбоору бекитилип, Орусия Парламентинин астыңкы баскычы Думага жиберилишине чечим чыгарылганы белгиленди.
«Түрк агымы» жаратылыш газ түтүк жолу долбоору боюнча өкмөттөр аралык келишимге Түркия жана Орусиянын ортосунда 10-октябрда кол коюлган.
Долбоордун алкагында ар бири 15,75 миллиард метр кубдук газ ташый алган эки түтүк жолунун курулушу пландалууда. Биринчи багыттын Түркияга, экинчи багыттын болсо тийиштүү кепилдиктер алынган учурунда Европага жаратылыш газ жеткирүүсү көздөлгөн.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.