Гөктүрк-1 спутниги учурулат

Орто эсеп менен 90 мүнөттө дүйнөнү айланып уча турган спутниктин жыл сайын 60 миң видео тартышы көздөлгөн.

621907
Гөктүрк-1 спутниги учурулат

Түрк куралдуу күчтөрүнүн бута чалгындоолоруна карай спутник көрүнүшү муктаждыгын камсыздай турган Гөктүрк-1 спутниги 5-декабрда учурулат.

Гөктүрк-1 спутнигинин чогултуу жана интеграция иштери, долбоорду ишке ашырган Telespazio (Италия)-Thales Alenia Space (Франция) тарабынан Франциянын Канн шаарындагы комплекстерде ишке ашырылды.

Түрк авиация жана космостук өнөр жайы акционердик коомунун  (TUSAŞ) Акынжыдагы комплексинде орун алган, Түркиянын алгачкы космостук системаларын интеграциялоо жана сыноо борборунда чөйрөсүндөгү сыноолору жасалган спутник, орбитасына учурулушу үчүн Француз Гвинеясындагы Коуроу спутник учуруу борборуна жөнөтүлдү.

Жапыз бийиктиктеги жер шарынын орбитасына жайгаша турган спутник, учуруудан кийин 57-мүнөттө ракетадан бөлүнүп 59-мүнөттө күн панелдерин ачат. Спутниктен алгачкы сигнал учурулгандан кийин 68-мүнөттө келет.

Орто эсеп менен 90 мүнөттө дүйнөнү айланып уча турган спутниктин жыл сайын 60 миң видео тартышы көздөлгөн.

Спутник, Түркиянын үстүнөн ар бир өткөн сайын жер шарынын ар башка аймактарынан тарткан фотосүрөт жана видеолорду Аба күчтөрү командирлигинин спутник жер станциясына жиберип турат.

Дүйнөдөгү окшошторуна караганда абдан жогорку чечмелөө менен видеолорду өткөрө турган спутник, мамлекеттик мекеме жана уюмдар үчүн экология жана курулуштардын байкалышы, айыл чарбалык түшүмдү белгилөө, мэриялык ишке ашыруулар, чек ара текшерүүсү, кадастр иш-чаралары сыяктуу бир топ тармакта алыстан кабылдоо милдеттерин аткарат.



Тектеш кабарлар