Энергетика саммити өтөт

Саммит Адана шаарында өткөрүлөт

616717
Энергетика саммити өтөт

Энергетика секторунун алдыңкы өкүлдөрү катыша турган 7-Түркия энергетика самити 24-26-ноябрь күндөрүнүн аралыгында Аданада өткөрүлөт.

Саммитте Түркия менен дүйнөлүк энергетика базарларындагы акыркы жагдайлар каралып, сегизи өзгөчө жалпы 20 отурум өткөрүлөт.

Түндүк Кипр Түрк Республикасы боюнча атайын отурум да өтө турган саммитте, Чыгыш Жер Ортолук деңиздин энергетикалык геополитикасы жана Кипрдин энергетика тармагына байланыштуу акыркы жагдайлар талкууланат.

Саммитке Түркиянын энергетика жана табигый ресурстар министри Берат Албайрак жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын экономика жана энергетика министри Сунат Атундун катышуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар