Түркиядан Орусияга дагы 5 товар экспорттолот

Азык-түлүк, талаа жана мал чарба министри Фарук Челик, Сочиде өткөрүлгөн 2-Дүйнөлүк түшүм форумунда орус жетекчилер менен жолукту.

615128
Түркиядан Орусияга дагы 5 товар экспорттолот

Түркиядан Орусияга экспорттолгон дагы 5 товардын импорттолушуна тыюу салуу жоюлду.

Азык-түлүк, талаа жана мал чарба министри Фарук Челик, Сочиде өткөрүлгөн 2-Дүйнөлүк түшүм форумунда орус жетекчилер менен жолукту.

Жолугушууларынан кийин маалымат берген Челик импорттолушуна тыюу салынган продукцияларга байланыштуу: «Булар баклажан,калемпир,анар,кабак жана марул. Делегациялар аралык жолугушууда бул 5 продукцияга тыюу салуунун жоюлушу тууралуу бүгүн чогулуш өткөрө тургандарын жана чоң ыктымалдуулук менен да тыюу салууну жоюуну каалагандарын бизге айтышты»,-деди.

Эки өлкөнүн соодасында орус жооптуу кызматкерлердин Түркиядан кызыл этке да талабы болгонун белгилеген Фарук Челик: «Аларга бизде кызыл эт жетишпей жатканын, 16 товардан кийин бардык нерсени оңой эле сүйлөшө ала турганыбызды айттык»,-деди.



Тектеш кабарлар