Занзибар аралына түз каттамдар башталат
Түрк аба жолдорунун 116 өлкөдөгү 293чү каттамы Занзибар болду.
594174
Түрк аба жолдору 12-декабрда Танзаниянын Занзибар аралына түз каттамдарын баштайт.
Түрк аба жолдорунун билдирүүсүнө караганда, Африка материгиндеги каттамдарын көбөйткөн Түрк аба жолдорунун 116 өлкөдөгү 293чү каттамы Занзибар болду.
Танзанияда Дар-эс-Салам менен Килиманжародон кийин үчүнчү жер болгон Занзибарга каттамдар 12-декабрда башталат. Занзибар каттамдары менен бирге Түрк аба жолдору Африкадагы 31 өлкөдө 50 аймакка жетет.
Дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү эки тараптуу түрдө жүргүзүлө турган каттамдарда, Стамбулдан Занзибарга барып-келүүнүн акысы ачылышка карата бардык салыктар менен бирге 636 доллардан башталат.