Кытай менен Орусиянын өнөктөштүгү

Ци, БРИКС саммитинин алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөрдү.

590611
Кытай менен Орусиянын өнөктөштүгү

Кытай, Орусияга стратегиялык кызматтыштык өнөктөштүгүнүн ишке ашырылышы чакырыгын салды.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Индиянын Гоа шаарында сегизинчиси өткөрүлүп жаткан БРИКС (Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка) саммитине катышты.

Ци, саммиттин алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөрдү.

Кытай менен Орусиянын өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын коргош үчүн дагы ылайыктуу эл аралык тартипти түзүүнү шыктандыруулары керектигин белгилеген Ци, Кытай-Орусия кеңири стратегиялык кызматтыштык өнөктөштүгүнүн чечкиндүү түрдө ишке ашырылышы үчүн Путинге чакырык таштады.

Эки лидер аймактык жана глобалдык кызыкчылыктар темасында пикир алмашышып, Түндүк Чыгыш Азияда тынчтык жана ырааттуудукту уланта алыш үчүн жакын кызматташтык жана координацияны улантуу темасында макулдашышты.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, саммиттин алкагында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Түштүк африканын мамлекет башчысы Жейкоб Зума менен да жолукту.

Буга кошумча Кытай, алдыдагы жылда өтө турган БРИКСтин 9- саммитине кожоюндук кылат.



Тектеш кабарлар