Түрк аба жолдорунун жүргүнчү саны

Тыштан тышка трансфер жүргүнчү сандарында да 2015 -  жылдын январь  - сентябрь мезгилине салыштырганда 17, 9 пайыздык артуу көрсөттү

589138
Түрк аба жолдорунун жүргүнчү саны

Түрк аба жолдорунун жүргүнчү саны 2016 – жылдын биринчи 9 айында 3,9 пайызга артып 48,3 миллионго жетти. Жүргүнчү санындагы артуу ички каттамдарда 4,4 пайыз, тышкы каттамдарда 3,5 пайыздык катнашта ишке ашты.

Январь  - сентябрь мезгилинде жүргүнчү катнашы 4,2 пайыздык төмөндөө менен 74, 5 пайыз болуп ишке ашып, тышкы каттамдар бизнес-класс жүргүнчү саны өзгөргөн жок.

Тыштан тышка трансфер жүргүнчү сандарында да 2015 -  жылдын январь  - сентябрь мезгилине салыштырганда 17, 9 пайыздык артуу көрсөттү.

Түрк аба жолдорунун жүргүнчү учактарынын конуу саны 2015 - жылдын январь  - сентябрь айларында 340.860 болгон болсо 2016 -  жылдын ошол эле айларында 4,8 пайыздык өсүү менен 357.136га жогорулады.

2016 – жылы сентябрь айынын акырында каттам болгон шаар саны 277 болгон болсо, 2016 -  жылдын сентябрь айынын акырында 291 болду.

Ички каттамдарда шаар саны 48ден 49га, тышкы каттамдарда шаар саны болсо 229дан 242ге жогорулады.



Тектеш кабарлар