Путин Стамбулдагы конференцияда баяндама жасады
Адамдардын жашыл энергияга багыт алгандыгы чындык
Орусиянын президенти Владимир Путин Түркия менен «Түрк агымы» долбоорун ишке ашырууну каалагандарын белгиледи.
Владимир Путин Стамбулда өтүп жаткан Дүйнөлүк энергетика конференциясында баяндама жасады.
«Адамдардын жашыл энергияга багыт алгандыгы чындык» деген Путин: «Бирок мунай зат жана жаратылыш газынын керектелиши да уланып жатат. Эл аралык энергетика календарларына караганда 20-30 жылдан кийин да мунай зат жана жаратылыш газына муктаждыгыбыз болот. 2020-жылга чейин мунайдын дүйнөлүк энергетика керектөөсүндөгү үлүшү 26 пайызга чейин жогорулайт»,- деп айтты.
Орусиянын президенти: «Энергетика коопсуздугун координациялуу түрдө камсыздай алабыз. Айрым өлкөлөрдүн энергетикага болгон чектөөлөрү кабыл алынгыс»,- деди.
Өлкөсүнүн энергия жеткирүү жагынан ишенимдүү болоорун белгилеген Орусиянын президенти Владимир Путин: «Түркия менен «Түрк агымы» долбоорун ишке ашырууну каалайбыз»,- деп айтты.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.