Измирдин Чешме районунда ири скат балыгы табылды

Бул балыктын түрүнөн дүйнөдө белгиленген эң ириси экени аныкталды.

574590
Измирдин Чешме районунда ири скат балыгы табылды

Измирдин Чешме районунда илимий изилдөө кылып жүргөн топ канатын ачканда 2 метр 21 см жеткен ири скат балыгын кармап алды.

Бул балыктын түрүнөн дүйнөдө белгиленген эң ириси экени аныкталды.

Изилдөөнү жүргүзгөн Эгей университетинин суу жаныбарлары факультетинин мугалими, доц.др. Илкер Айдын, жасаган изилдөөлөрүндө скат балыгынын «Dasyatis pasticana» деп аталган пародасынан экенин аныктагандарын, дүйнөдө мындан мурда табылган мындай түрдөгү скат балыгынын эң чоңу 1 метр 41 см болгонун айтты.

Балыктын жынысын белгилеш үчүн куйругун көтөргөн убагында тууп жатканын, куйругу да кесик экенин байкагандарын билдирген Айдын, скат балыгынын жана 8 баласынын чоңдуктары өлчөнүп кайра деңизге кое берилгенин айтты.

Орто эсеп менен 450 кг салмагы болгон ири скат балыгынын жээкке жакын жерге тууганы келгенин божомолдогондорун түшүндүргөн Илкер Айдын, бул учурда башка бир балыкчы яхтасы тарабынан кармалганы жана уулуу болушу мүмкүн экенин ойлоп куйругу кесилип сууга кое берилгенин божомолдошкондорун айтты.

Доц.др. Али Улаш менен бирликте белгилешкен жаныбардын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу илимий отчет даярдалганын билдирген Айдын, бул скат балыгынын пародасынан эң чоңунун Чешмеде табылганына байланыштуу маалыматтын эл аралык журналдарда орун ала турганын кошумчалады.



Тектеш кабарлар