Түркияда эми сааттын жебеси жылдырылбайт
Кышкы убакытка өтүү режими жоюлду.
![Түркияда эми сааттын жебеси жылдырылбайт](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/714e/e73d/ae40/57d117e142d91.jpg?time=1718836929)
Жайкы убакыттын бир жыл бою уланышына байланыштуу Министрлер кеңешинин токтому, Расмий гезитин бүгүнкү санында жарыяланды. Эми сааттын жебеси жылдырылбайт.
Жайкы убакытка өтүү режими күндүн жарыгынан дагы көп пайдалануу максатында 2016-жылдын 26-мартынан тарта өлкөнүн жалпысында сааттын жебеси бир саат алдыга жылдырылып башталган. Расмий гезитте жарыяланган томтомго караганда, бул ишке ашыруунун жыл сайын бир жыл бою уланышына чечим чыгарылды.
Ошондой эле Министрлер кеңешинин токтомунда орун алган «2016-жылдын 30-октябрь жекшемби күнү сааттын жебеси түнкү 4.00төн тарта бир саат артка жылдырылсын» деген билдирүүсү да жоюлду.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718836929)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718836929)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.