Газпромдун өкүлдөрү Түркияга келет
Миллер жана аны коштогон делегациянын Түркияда БОТАШ фирмасынын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.
![Газпромдун өкүлдөрү Түркияга келет](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6fdf/057d/bbf9/57c57c3cbac6d.jpg?time=1718928057)
Орусиянын энергетика фирмасы Газпромдун жогорку башкаруучусу Алексей Миллер «Түрк агымы» жаратылыш газ кууру долбоорун сүйлөшүү үчүн эртең Түркияга келет.
Орус кабар агенттиги ТАССка маалымат берген Газпромдун төрага орун басары Александр Медведев, Миллер башында турган Газпром делегациясынын шаршемби күнү Түркияда жолугушууларды өткөрө турганын айтты.
Медведев эң оболу «Түрк агымы» долбоору тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрө турганын белгилеп, энергетика жөнүндө башка темалардын да сапарда карала турганын белгилеп кетти.
Миллер жана аны коштогон делегациянын Түркияда БОТАШ фирмасынын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Жолугушуулардын алкагында «Түрк агымы» долбоору менен катар Түркия импорттоп жаткан орус газын да арзандатуу темасы сүйлөшүлө турганы божомолдонууда.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718928057)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718928057)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.