Түркия - Орусия экономикалык карым - катнаштары

Түркия менен Орусиянын ортосундагы эркин соода тууралуу сүйлөшүүлөр 10 айга жакын убакыттан кийин кайрадан башталды

558534
Түркия - Орусия экономикалык карым - катнаштары

Түркия менен Орусиянын ортосундагы эркин соода тууралуу сүйлөшүүлөр 10 айга жакын убакыттан кийин кайрадан башталды.

Экономика министри Нихат Зейбекчи 26 -июлдагы Москва сапарында берген маалыматында Орусия менен болгон кризистен мурда башталган жана эки өлкөнүн соодасында эркиндик түзүлө турган келишим үчүн сүйлөшүүлөрдүн кайрадан башталгандыгын жарыялаган болчу.

Орусия менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыкты аймактык жана экономикалык жактан өстүрүүсү күтүлгөн келишимдин ишке ашуусу менен эки өлкөнүн инвесторлору дагы оңой түрдө соода иштерин аткара алышат.

Орусия илимдер академиясынын Чыгыш иликтөөлөрү институтунун Түркия бөлүмүнүн башчысы Наталья Улченко Европа Биримдиги менен улантылып жаткан Бажы Биримдиги келишимининчектөөлөрү жана эки өлкөнүн эркин соода капиталына көңүл бургандыгын айтты.

Улченко тейлөө тууралуу түзүлө турган келишимдин Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелеринин негизинде болорун белгилеп : «Тейлөөнү камтыган келишимдин тылдык, курулуш, телекоммуникация, финансы, саламаттыкты сактоо, туризм жана е – сооданы камтуусу күтүлүүдө»,- деди.

Бир бирине карата инвестициялар тууралуу инвесторлорго кошумча укуктардын алып келинерин билдирген Улченко : «Түркиянын Европа Биримдиги менен улантылып жаткан Бажы Биримдиги келишиминин тышында калган дыйканчылык продукциялары менен бирге темир жана болот продукциялары да бул келишимге кошулушу мүмкүн»,- деди.

Анадолу университетинин экономикалык жана башкаруу илимдери факультетинин мугалими доцент Мустафа Эркан Үйүмез да Орусия менен түзүлө турган соода келишиминин Түркиянын пайдасына болорун белгиледи.

Орусиянын болсо Түркиядан абдан чоң катнашта транспорт, машина, мөмө – жемиш жана жашылча импорттогондугун белгилеген Үйүмез экономикалык келишимдердин ишке ашуусу менен баскыч түрүндө соода көлөмүндө өсүү болорун белгиледи.



Тектеш кабарлар