Кылымдын долбоору ишке ашты
Түркиядан Түндүк Кипр Түрк Республикасына суу ташылууда.
Түркиядан Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) 19 миллион куб метр суу өткөрүлдү.«Кылымдын проекти» катары аталган «Түндүк Кипр Түрк Республикасына суу жеткирүү» долбоорунун алкагында Анамур Драгон дарыясынын үстүнө курулган Алакөпүрө суу сактагычынан алынган суу, Гирнедеги Гечиткөй суу сактагычына жеткирилди.Президент Режеп Таййип Эрдогандын, «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын суу маселесинин орду түбү менен чечилишине» карай берген буйругунан кийин, көп жылдардан бери суу кыйынчылыгын тарткан Түндүк Кипр Түрк Республикасынын суу муктаждыгын камсыздоо максатында «Түндүк Кипр Түрк Республикасына суу жеткирүү» долбоору даярдалган.
Бул долбоордун алкагында 2015-жылдын 17-октябрынан баштап үзгүлтүксүз түрдө Түркиядан Түндүк Кипр Түрк Республикасына суу өткөрүлө баштады. Август айынан баштап 19 миллион метр куб суу менен толгон Гечиткөй суу сактагычынын 72 пайызы толду. Канча суу өткөрүлгөнүн белгилөө эки өлкөнүн ортосундагы долбоордун талабы боюнча ар бир айдын 15-күнүндө жасалат. Долбоор менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын узун мөөнөттүү суу муктаждыгынын камсыздалышы үчүн аралга жылда 75 миллион метр куб суу жеткирилет.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.