Хонда Түркияга инвестиция салат

Чет элдик инвесторлордун Түркияга болгон кызыгуусу козголоң кыймылына карабастан улантылууда

545789
Хонда Түркияга инвестиция салат

Чет элдик инвесторлордун Түркияга болгон кызыгуусу козголоң кыймылына карабастан улантылууда.

Жылдык 27 миллион мотор өндүргөн Япон маркасы Хонда Түркияга болгон ишенимин инвестиция салуу менен көрсөтүүнү каалайт.

Түрк – Япон иш кеңеши деңгээлинде вице – премьер Мехмет Шимшек менен байланышта болгон Хонданын Түркия төрагасы Хидето Ямасаки керектүү шарттардын түзүлүшү менен Хонданын Түркияда мотоцикл заводуна инвестиция сала алышарын айтты.

Түркияга толук  ишенишкендерин белгилеген Ямасаки Фетуллахчы террордук уюмдун параллель мамлекеттик түзүмүнүн 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин Түркиядагы келечектеги пландары жана инвестициялары тууралуу эч бир өзгөрүүнүн болбогондугун белгиледи.

Ямасаки Чыгыш жана Түштүк Чыгыш аймактарынын өзгөчө географиялык жана экономикалык шарттардан улам маанилүү мотоцикл базары болуу потенциалына ээ экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар