Экономиканы жандантуу үчүн эмне керек болсо жасайбыз

Экология жана шаар пландоо министри Мехмет Өзхасеки,Түркияда инвестициялар улана турганын билдирди.

541257
Экономиканы жандантуу үчүн эмне керек болсо жасайбыз

Экология жана шаар пландоо министри Мехмет Өзхасеки, Фетуллахчы террор уюму параллель мамлекеттик түзүмү (ФЕТӨ/ПДЙ) үчүн жерге көмүлүп экинчи чыккыс чаралар көрүлө турганын айтты.

Бир канча жолугушууларды өткөрүү үчүн Кайсериге барган министр Өзхасеки айрыкча инвестициялар өлкөдө тынымсыз уланганын белгилеп: «Бул жаман жосун ашылып өткөн соң бардыгы калыбына келди. Экономикабызда жана башка туруктуу иштерибизде аксоо болгон жок. Инвестицияларыбыз бардык ылдамдыгы менен уланууда. Алдыбыздагы күндөрдө да долбоорлорубуз уланат. Күн тартибибизде инвестициялар болот»,-деп айтты.

Экология жана шаар пландоо министри Мехмет Өзхасеки: «Экономикабыздын жанданышы үчүн эмне керек болсо жасайбыз»,-деди.

 

 



Тектеш кабарлар