Түрк агымы газ кууру долбоору
Түрк агымы газ кууру долбооруна байланыштуу сүйлөшүүлөр башталды
![Түрк агымы газ кууру долбоору](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9257/3f6d/c923/579b397704f1c.jpg?time=1718880801)
Орусиянын энергетика министри Александр Новак Түрк агымы газ кууру долбоорунун алкагында Түркия менен сүйлөшүүлөрдүн кайрадан башталгандыгын белгиледи.
Орусиянын Россия 24 каналына маек куруп берген Новак, Түркиянын чыгышынан газ кууру аркылуу Орусиядан 15,7 миллиард метр куб газ импорттогусу келгенин баяндады.
Новак: «Түрк агымы газ кууру долбоорунда эки түтүк жолдун курулуусу үчүн Түркия менен сүйлөшүүлөр кайрадан башталды. Экинчи газ кууру аркылуу Европанын түштүк-чыгыш аймагына газ ташылуусу пландалууда»,- деп айтты.
Газпромдун Түркияга саткан газда мындан мурда макулдашылган 10,25 пайыздык арзандатуунун келишимге чагылбашынын себебинен Түрк агымы долбоорунда жылыш болбой, Түрк аба мейкиндигине кирип кеткен орус согуштук учагынын 24-ноябрда атып түшүрүлүшүнөн кийин да эки өлкөнүн жооптуу кызматкерлери долбоордогу сүйлөшүүлөрдүн токтотулушуна байланыштуу билдирүүлөрдү айтышкан болчу.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718880801)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718880801)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.