Түрк экономикасынын пайдубалы бекем

Өнүгүү министри Лүтфи Элван Түркиянын экономикасы бул аптада турукташа турганын айтты.

538826
Түрк экономикасынын пайдубалы бекем

Өнүгүү министри Лүтфи Элван Түркиянын экономикасы бул аптада туруктуу абалга келерин айтты.

Жеке менчик каналга маек берген Лүтфи Элван 15-июлдагы төңкөрүш аракетинин Түркияны талкалоо планы менен уюшулганын айтып:

“Түрк экономикасынын пайдубалынын кандай бекем экендиги көрүндү,” – деди. Түркиянын оор кырдаалдан чыкканын белгилеген Элван:

“Бул чыккынчылардын төңкөрүш аракетинен соңунда абалдан Түрк экономикасы жакшы чыгып кетти. Биржаларыбыз жабылган жок. Акча каражаттарын которуп жана алууда эч кандай чектөөлөр болгон жок. Ал эми валютанын курсуна, биржа индексине карай турган болсок, төңкөрүштүн таасиринен улам кескин өзгөрүү болбоду”- деп маалымдады.

Орто мөөнөттүү макро максаттарына өзгөртүү киргизбей тургандыктарын айткан Лүтфи Элван:

“Максатыбыз өнүгүү болуп саналат. Албетте экономикабызда башында бир аз түшүнбөстүктөр болду. Бирок ушул апта экономика туруктуу абалга келерине ишенебиз. Эч кандай маселе жок,”-деди.

Бир тараптан премьер-министрдин орун басары Мехмет Шимшек, төңкөрүш аракетине бөгөт болгон элдин рыноктогу төңкөрүштүн да алдын алгандыгын белгиледи.

Мехмет Шимшек жеке менчик телеканалга берген маегинде өлкөдөгү окуяларга тиешелүү суроолорго жооп берди.

Шимшек:

“Кечээги күндөн тарта атуулдар 9 миллиард доллардан ашык каражатын түрк лирасына которуп алмаштырды,” – деди.

Түрк экономикасынын пайдубалынын бекем болгондугун белгилеген Шимшек төңкөрүш аракетинен улам экономика чоң, орчундуу жоготууга учурабагандыгын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар