IMF Түркиянын жүргүзгөн экономикалык саясатын мактады

Морис Обстфельд түрк экономикасынын соккудан коргонуш үчүн чыгарган чечимдерине «орундуу чечимдер» деген баа берди.

533041
IMF Түркиянын жүргүзгөн экономикалык саясатын мактады

Эл аралык валюта фонду (IMF)ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийинки Түркиянын жүргүзгөн экономикалык саясатын мактады.

IMFтин изилдөө директору Морис Обстфельд түрк экономикасынын соккудан коргонуш үчүн чыгарган чечимдерине «орундуу чечимдер» деген баа берди.

Обстфельд, Вашингтондо журналисттерге берген маалыматында төңкөрүш аракетинен улам базарларда бир аз толкундоолор болгонун белгиледи. Бирок көрүлгөн чаралар менен абал дагы да турукташа турганын көздөгөнүн билдирди.

Обстфельд: «Түрк адистер, өзгөчө Борбордук банк базарларды накталай акча менен камсыздап, таасирдүү чара көрүп, абалдын турукташа турганын ойлообобуз»,-деди.

Борбордук банк бир түндүк пайыз чегинде 25 базистик балл арзандатуу кылып, банктарды да накталай акча менен камсыздап базардагы олку-солкулукка чек койгон.



Тектеш кабарлар