Испания менен Португалияга санкциялар киргизилиши мүмкүн

Испания менен Португалия бюджетти башкарууда артта калды.

525546
Испания менен Португалияга санкциялар киргизилиши мүмкүн

 

Европа Биримдиги Комиссиясы, жогорку бюджет жетишсиздигинен улам Испания менен Португалиянын жазаландырылышына алып бара турган расмий жараянды баштатууну чечти.

Европа Комиссиясынын төрага орун басары Валдис Домбровскис буга байланыштуу өткөргөн маалымат жыйынында: «Европа Биримдиги өлкөлөрү эрежелерге баш ийиши керек жана финансылык абалдарын жакшыртуулары зарыл»,- деди.

Мыйзамдын Европа Биримдиги кеңешинин күн тартибине сунушталганына көңүл бурган Валдис: «Кеңеште Испания менен Португалиянын бюджет жетишсиздиги боюнча таасирдүү аракет кылбаганына чечим чыгарылса, санкциялар жана акчалай жазалар берилиши мүмкүн»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар