Түркиянын макроэкономикалык пайдубалы бекем

Шимшек Бинали Йылдырым билдирген «Экономикалык  сүйүнчүлөр пакетине» токтолду

524625
Түркиянын макроэкономикалык пайдубалы бекем

Вице – премьер Мехмет Шимшек Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Газиантеп облустук  башкаруусунун майрамдашуу программасына катышты. Партиянын жактоочулары жана жарандар менен майрамдашкан Шимшек бул жерде берген маалыматында премьер – министр Бинали Йылдырым билдирген «Экономикалык  сүйүнчүлөр пакетине» токтолду. Шимшек премьер – министр билдирген пакеттин өлкөнүн бардык бөлүктөрүнө ылайык экендигин, экономиканы дагы да жандандырарын, бардык коомго күчтүү түрдө жардам берген пакет экендигин баса белгиледи. Шимшек : «Түркиянын макроэкономикалык пайдубалы бекем. Абдан жакшы баратат.  Жакшы болушу үчүн дайыма чара көрүп, аракет кылуудабыз»,- деди. Шимшек Түркиянын тышкы саясатта күчтөнгөндүгүн, ушунун алкагында досторун көбөйткөндүгүн айтып, жакынкы аймактын тынчтык ичинде жашоосун каалашкандарын билдирди.



Тектеш кабарлар