Чет элдиктрге турак жай сатуу
Түркия статистикалык маалыматтарына караганда турак жайлардын жарымына жакыны Ирак, Кувейт, Сауд Аравия, Афганстан жарандарына сатылган
![Чет элдиктрге турак жай сатуу](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4352/102c/6682/576d1d99b4ccb.jpg?time=1719057140)
Чет элдиктерге турак жай сатуу жылдын биринчи беш айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 3, 2 пайызга азюу менен 7 миң 835 болду. Түркия статистикалык маалыматтарына караганда турак жайлардын жарымына жакыны Ирак, Кувейт, Сауд Аравия, Афганстан жарандарына сатылган.
Бул жылдын биринчи беш айы менен өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда чет элдиктерге турак жай сатуу эң көп арткан облус төмөнкүлөр болду 47, 5 пайыз менен Трабзон, 45,5 пайыз менен Анкара жана 12, 3 пайыз менен Бурса. Эң көп төмөндөө болгон облус 31, 7 пайыз менен Мерсин болду. Мерсинден кийин 31, 1 пайыз менен Ялова жана 21,4 пайыз менен Анталья келди. Өткөн жылдын май айы менен бул жылдын май айын салыштырганда эң көп турак жай алган өлкө тизмесинде Афгаснтан болуп, Кытай 89, 5 пайыз менен экинчи орунда, 23, 8 пайыз менен Иордания үчүнчү болду. Ошол эле мезгилде эң көп төмөндөө болгон өлкөлөр 45, 7 пайыз менен Казакстан жана 45, 5 пайыз менен Орусия болду.
Бул жылдын январь - май мезгилинде ирактыктарга 386, кувейттиктерге 783, сауд аравиялыктарга 770 жана афганстандыктарга 633 турак жай сатылган.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1719057140)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1719057140)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.