Түркияда кардардын ишеним индекси

Түркияда кардардын ишеним индекси июнь айында өткөн айга салыштырмалуу 1 пайызга өстү.

516239
Түркияда кардардын ишеним индекси

Кардардын ишеним индекси июнь айында өткөн айга салыштырмалуу 1 пайызга өстү.

Түркиянын Статистика мекемеси (TÜİK) июнь айына байланыштуу кардарлардын ишеним индексин жарыялады.

Түркиянын Статистика мекемесси жана Түркия Республикасынын Борбордук банкы биргелешип жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда кардардын ишеним индекси май айында 68,75 пайыз болсо, бул айда 69,43 пайыз болду.

Каананын материалдык абал күтүүсү индекси да тийиштүү мезгилде каананын материалдык абалынын дагы жакшы боло турганын күткөндөрдүн санынын өсүшүнөн улам жогорулаганы келип чыкты.

Жумушсуздук санын күтүү индекси да тийиштүү мезгилде 2,4 пайызга артты жана июнь айында 70,64 пайызга жогорулады. Бул  маалымат алдыдагы 12 айлык мезгилде жумушсуз санында азаюуну күткөндөрдүн артышынан келип чыгууда.



Тектеш кабарлар