«Солар Импульс-2» Атлантикадан өттү
Күндүн энергиясын пайдаланган учак
Дүйнөлүк сапарга чыккан «Солар Импульс-2» Атлантикадан өттү.
Күндүн энергиясын пайдаланып дүйнө жүзүн кыдырып жүргөн «Солар-Импульс-2» учагы Атлантика океанынан өтүп Испаниянын Севилья шаарына конду.
Таза энергия булактарына көңүлдөрдү буруу максатында сапарын 2015-жылдын 5-мартында баштаган «Солар Импульс-2» Атлантика океанын 71 саат 8 мүнөттө учуп өтүп, 6 миң 765 километрдик 15-этапты аяктаган болду.
Ал эми учактын мындан кийинки аялдамасы болгон Жер ортолук деңизден өтүү милдетин, Швейцариянын мурдагы аба күчтөрү пилоту милдеттенет.
Салмагы 2,3 тонна болгон учактын 72 метрдик кеңдиктеги канаттарында жалпы 17 миң 248 күн панели бар. «Солар Импульс-2» күндүздөрү литий батареяларында күн энергиясын запастай алганы үчүн түнкүсүн да уча алат.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.