Орусияда айлык акылар азайды

Рублдин долларга карата кунунун төмөндөшүнөн улам Орусияда орточо эмгек акынын көлөмү азайды

496933
Орусияда айлык акылар азайды

Орусияда орточо эмгек акынын көлөмү Казакстандагы орточо деңгээлдегидей болуп калды.

Москвадагы Жогорку экономикалык мектептин «Элдин коомдук-экономикалык абалы» аттуу отчетуна караганда, Орусияда өткөн жылы орточо эмгек акынын көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу 34 пайызга азайып, 558 долларга кыскарды.

Отчетто рублдин долларга карата курсунун төмөндөшүнөн улам Орусияда орточо эмгек акынын көлөмү Казакстандагы орточо бир айлык эмгек акынын көлөмүндөй болгону баса белгиленди.

Сбербанктын башкы аналитиги Михаил Матовников мындан мурда, Орусияда быйыл орточо айлык акынын көлөмү 450 доллардан төмөн экенин, өлкөдөгү орточо эмгек акынын көлөмү Кытайдагы орточо көлөмдөн да аз болгонун белгилеген.

Орусиянын Мамлекеттик статистика кызматы тарабынан жарыяланган көрсөткүчтөргө караганда, өлкөдө реалдуу кирешелер апрель айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7,1 пайызга азайган.

Ал эми Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин өткөн жумаларда өкмөткө сунуштаган долбооруна караганда, ушул жылдан тарта 2019-жылга чейин айлык акылар азайтылып, ал жылдын аягында 4,5 пайыздык ички дүң өндүрүмүнүн өсүшү максатталууда.



Тектеш кабарлар