Жүздөгөн жыл деңиздин түбүндө жаткан казына табылды
Бул казынанын Рим империясы мезгилинде чөгүп кеткен соода кемесине таандык экени билдирилди.
Деңиз археологдорунун Жер Ортолук деңиздеги изилдөөсү толкундануу жаратты.
Израилдик археологдор, Жер Ортолук деңизинин жээгинде 16 кылым мурда чөгүп кеткен Рим кемесинен чанда кездешүүчү казына табышты.
1 миң 600 жылдан бери деңиздин түбүндө жаткан Рим монеталары жана көптөгөн коло айкелдер жарыкка чыгарылды.
Бул казынанын, Рим империясы мезгилинде чөгүп кеткен соода кемесине таандык экени билдирилди.
Эксперттер жүздөгөн жыл деңиздин түбүндө жаткан бул уникалдуу калдыктардын акыркы жылдары табылган эң ири казына экенин белгилешүүдө.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1719218881)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1719218881)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.