Орусиянын соода балансынын калдыгы 47 пайызга азайды

Өлкөнүн жалпы экспорту өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу 31,9 пайызга азайып 61,6 миллиардга кыскарды.

489465
Орусиянын соода балансынын калдыгы 47 пайызга азайды

Орусиянын «соода балансынын калдыгы» 47 пайызга азайды.

Орусиянын федералдык бажы кызматы тарабынан жарыяланган маалыматтарга караганда, өлкөнүн жалпы экспорту өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу 31,9 пайызга азайып 61,6 миллиардга кыскарды.

2016-жылдын январь-март айларында жалпы тышкы соода көлөмү болсо өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырганда 26,4 пайызга кыскарып 97,7 миллиард доллар, ал эми жалпы соода балансынын калдыгы 22,7 миллиард доллар азайып 25,6 миллиард долларга төмөндөп кетти.

Мунай бааларындагы төмөндөөнүн себебинен экономикалык кризис менен күрөшүп жаткан Орусиянын улуттук дүң продукциясы өткөн жылы 3,7 пайызга кыскарган эле.



Тектеш кабарлар