Силифке кулпунайы марка болот
«Силифке кулпунайы» деген ат менен катталуусу үчүн түрк патент институтуна кайрылуу болот
![Силифке кулпунайы марка болот](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/19ee/5e70/5c48/5731b12864b0a.jpg?time=1719132004)
Түркиянын негизги кулпунай өндүрүү борборлорунан Мерсин облусунун Силифке районунда өстүрүлгөн кулпунайдын географиялык белги катары катталуусу үчүн иш баштатылды.
Силифке соода жана өнөр жай кабинети аймакта өндүрүлгөн кулпунайдын райондун аты менен катталуусу үчүн даярдаган проектини Чукурова өнүгүү агенттигине сунуштады.
Чукурова өнүгүү агенттиги тарабынан кабыл алынган проектинин негизинде керектүү даярдыктар бүткөндөн кийин Силифке соода жана өнөр жай кабинети аймактын негизги продукцияларынын бирөөсү болгон кулпунайдын «Силифке кулпунайы» деген ат менен катталуусу үчүн түрк патент институтуна кайрылат.
Райондогу кулпунай өндүрүү жалпы Түркиядагы өндүрүштүн 40 пайызын түзүүдө. Бул да Түркиянын экспортунун 60 пайызы менен 70 пайызын чагылдырууда. Силифке кулпунайы Түркияда бир марка болгондой эле эми дүйнөдө да марка болуу жолунда.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1719132004)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1719132004)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.