Кыргыз экологдору Анкарада кесиптештери менен жолукту (видео)
ТИКАнын программасынын алкагында экологдор Түркияга барып семинарларга катышты.
![Кыргыз экологдору Анкарада кесиптештери менен жолукту (видео)](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/898c/72d4/498c/57276a7b3ac0d.jpg?time=1718817683)
Түркиянын өкмөтүнө караштуу кызматташуу жана өнүктүрүү агенттигинин (ТИКА) тажрыйба алмашуу программасынын алкагында Кыргызстандын экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактык өкүлдөрүнөн турган делегация Түркиянын Стамбул жана Анкара шаарларында болушту.
Алар Түркиянын токой чарба жана айлана чөйрө министрлигинин алдыңкы адистери менен жолугушуп, министрлик жүргүзүп жаткан иш-пландары, шаарлардагы экологиялык абал туурасында кенен-кесир маалымат алышып, лабораторияларына чейин барып, иш жагдайы менен таанышып кайтышты.
Алардын катарында; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын Нарын аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Марсбек Жумакадыров жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Ысык-Көл, Тоң райондору жана Чолпоната, Балыкчы шаарлары боюнча улук инспектору Максат Кыштобаев бар. (видео маек)
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718817684)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718817684)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.