Орусиядагы экономикалык кризис спорт тармагына да терс таасирин тийгизди
Орусия 2018-жылы өтүүчү ФИФАнын Дүйнө кубогуна даярдык бюджетин 3 миллиард рубль азайтат
![Орусиядагы экономикалык кризис спорт тармагына да терс таасирин тийгизди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/df73/da6a/53d6/571f427b1e52d.jpg?time=1718942927)
Орусиядагы экономикалык кризис спорт тармагына да терс таасирин тийгизди.
Орусия 2018-жылы өтүүчү ФИФАнын Дүйнө кубогуна даярдык бюджетин 3 миллиард рубль (47 миллион АКШ доллары) азайтат.
Спорт министрлигинин сайтында жарыяланган билдирүүгө караганда, буга чейин 620 миллиард рубль болушун көздөгөн бюджетти 617 миллиард рублга кыскартуу чечими кабыл алынды.
Жалпы бюджеттин 329 миллиард рубли федералдык бюджеттен, 91 миллиард рубли жергиликтүү бюджеттен, 197 миллиард рубли болсо юридикалык жактардан камсыздалат.
Орусияда 2018-жылы өтүүчү ФИФАнын дүйнөлүк кубок оюндарынын 11 шаардагы 12 стадиондо ойнолушу пландаштырылууда.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718942928)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718942928)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.