Эгейдин бермети Измирдеги экспорт

Түркияда эң көп экспорт кылган шаарлардын тизмесинде Измир экинчи орунда турат

453117
Эгейдин бермети Измирдеги экспорт

Экономика министри Мустафа Элиташ, Түркияда эң көп экспорт кылган областтардын тизмесинде Измирдин экинчи турганын айтты.

Экономика министри Элиташ, Измирдеги Инновация жумалыгынын алкагында Эгей экспортчулар бирикмеси тарабынан уюштурулган сыйлык тапшыруу аземиндеги сөзүндө, Эгейдин бермети Измирдин тарыхта болгону сыяктуу бүгүнкү күндө да сооданын эң маанилүү шаарларынын бири экендигин экспорт көрсөткүчтөрү менен далилдегенин баса белгиледи.

Жалпы 210 өлкөгө 4529 компания менен экспорт кылган Измирдин Түркиянын экспортунун болжол менен 6 пайызын ишке ашыргандыгын айткан Элиташ, экспорттун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Республиканын 100 жылдыгына карата максаттарынын ишке ашырылышында экспортчуларга маанилүү милдеттер түшкөнүн белгилеген министр Элиташ, максаттарынын түрк брендиндеги товарларды дүйнөлүк рынокко сунуштап экспортту көбөйтүү экендигин баяндады.

Аземде андан кийин Эгей аймагында өткөн жылы эң көп экспорт кылган 56 компанияга сыйлыктар тапшырылды.



Тектеш кабарлар