Газпромдун жаңы багыты

"Газпром" компаниясы быйыл Өзбекстандан ала турган жаратылыш газдын көлөмүн жогорулатмакчы.

451157
Газпромдун жаңы багыты

Орусиянын газ компаниясы Газпромдун жаңы багыты Өзбекстандын жаратылыш газы.

Газпромдун билдирүүсүнө караганда, Өзбекнефтгаз менен Газпромдун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, орус Газпром компаниясы быйыл Өзбекстандан ала турган жаратылыш газдын көлөмүн жогорулатууну максаттоодо.

Тараптардын ортосунда мындан мурда кол коюлган келишимге ылайык, орус компаниясы быйыл Өзбекстандан 4 миллиард куб метр газ сатып алууну көздөөдө.

Газпромдун жетекчиси Алексей Миллер мурдагы билдирүүсүндө, Түркмөнстан менен ортолорундагы газ сатып алуу боюнча келишпестиктен улам 2016-жылы бул өлкөдөн газ сатып алынбай тургандыгын билдирген болчу.

2014-жылы 4 миллиард куб метр өзбек газын сатып алган орус энергетика компаниясы, өткөн жылы Өзбекстандан ушул көлөмдүн болжол менен төрттөн бири болгон жаратылыш газын сатып алган.



Тектеш кабарлар