Эң бай 100 түрк

Эң бай 100 түрктүн тизмеси жарыяланды

441626
Эң бай 100 түрк

Экономика журналы «Форбес» эң бай 100 түрктүн тизмесин жарыялады.

Маалымат жыйыны аркылуу жарыяланган тизмеге караганда, байлыгы өткөн жылга салыштырмалуу 1,5 миллиард доллар азайганына карабастан Мурат Өлкер 2,9 миллиард доллар менен үчүнчү жолу Түркиянын эң бай адамы болду.

Тизмеде ФИБА Холдингдин Башкаруу кеңешинин төрагасы Хүснү Өзйегин 2,6 миллиард доллар байлыгы менен өткөн жылдагыдай эле дагы экинчи орунду, Догуш Холдингдин Башкаруу кеңешинин төрагасы Ферит Шахенк болсо 2,4 миллиард доллардык байлыгы менен үчүнчү орунду ээледи.

Форбестин Түркиядагы медиа директору Бурчак Гүвен, быйыл «Эң бай 100 түрк» тизмесинде орун алган ишкерлердин жалпы байлыгынын өткөн жылга салыштырмалуу орто эсеп менен 6 миллиард доллар азайганын, миллиардерлердин саны болсо 33төн 31ге түшкөнүн айтты.

Быйылкы тизмеде 21 аял миллиардер бар экенин билдирген Гүвен, аялдардын жалпы байлык үлүшүнүн болсо 18,9 пайыз экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар